Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

Москвада калайман урушта тажик мигрант каза болду


Москвада шейшемби күнү тажикстандык мигранттар менен кавказдык жарандар калайман мушташып, анда 24 жаштагы тажик Рамазон Шоимов каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Тажикстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкен.

Жаракат алган дагы бир тажикстандык Рузибек Самронов учурда ооруканада.

Тажик элчилиги жана Эмгек министрлигинин өкүлдөрү ишти иликтеп жаткан Тергөө комитети менен жолукту. "Урушка катышы бар деген шек менен эки киши кармалды”, - деди элчиликтин маалымат катчысы Сарвар Бахти.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG