Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Өзбекстанда аялды мазактаган милиция иштен кетти


Өзбекстанда социалдык тармактагы нааразылыктардан улам карапайым жаранга күч колдонгон милиция кызматкери жумуштан алынды.

Интернетке 10-апрелде тараган видеодо милиция кызматкери жерде ыйлап жаткан 55 жаштардагы аялды бетке тээп, үнүн чыгарбоону талап кылганы чагылдырылат.

Окуя Ташкенттин Учтепа районундагы Фарход көчөсүндө болгону тууралуу социалдык тармак колдонуучулары жазып, акыл-эси жайында эмес аялга күч колдонгон тартип сакчысын кескин сындашкан.

Кийинчерээк аялды тепкен милиционердин аты-жөнү Иззатилла Хашимов экени аныкталган.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы аны менен байланышкан учурда окуя видеого жазылып, тарап кеткенине карабай Хашимов “аялды тепкен эмесмин” деп танган.

Былтыр декабрда Ташкенттин Чыланзар районунда кумсалардын батирине бастырып кирип, аларды сабаган тартип сакчыларынын тасмасы тараган. Кийинчерээк ал милиционерлер жумуштан алынган. Кумсаларды келтектеген формачандардын погонун жыйын учурунда райондук милиция башчысы жулуп алган.

Андан мурдараак Ташкент шаарында милициянын токмогуна кабылганын айтып, арызданган аялдын өзү сот жообуна тартылган эле. Аны бийлик өкүлүнө каршы чыкканы үчүн жазалашкан.

Быйыл март айында Самаркандда эки милиционер бир аялга күч колдонуп, машиненин багажнигине салганга аракет жасап жатканы тартылган видео чыккан. Окуя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жанында болгон.

XS
SM
MD
LG