Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

“Коопсуз шаар” долбоору талкууланат


Бишкек
Бишкек

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга байланышкан маселе каралат. Шаардыктардын коопсуз жашоосун камсыздоо үчүн Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүн түнкүсүн күндүзгүдөй жарыктандырып, видеокөзөмөлдү толук орнотуп беребиз деген өкмөттүн убадасы беш жылдан бери ишке ашпай турат.

Долбоор боюнча өткөн тендердин акыркысы ызы-чуу менен аяктаган. Ички иштер министрлиги тендердик комиссиянын бүтүмү менен жеңүүчү аталган кыргыз-орус "Стилсофт Бишкек" ишканасынын утушу мыйзамсыз деген жүйө менен, келишимге кол койгон эмес. Бул иш боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек.

“Коопсуз шаар” долбоору коңшу өлкөлөрдө бир нече жылдан бери ишке ашып, натыйжасы дурус экени айтылып келет. Аны Кыргызстанда жүзөгө ашыруу үчүн 60 миллион доллардан ашык каражат кетери болжолдонгон. (NT)​

XS
SM
MD
LG