Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:14

Жер ортолук деңизине чөккөн качкындардын саны 500гө жетти


Мигранттар түшкөн кеме.

Мигранттар түшкөн кеме.

Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча башкармалыгы өткөн аптада Жер ортолук деңизинде болгон кырсыктын курмандыктары 500гө жакындаганын билдирди. Кырсык Италия менен Ливиянын ортосунда болгонун 16-апрелде куткарылган мигранттар айтып беришкен.

Алар Ливиядан адам аткезчилеринин кайыктары менен Батышты көздөй жөнөшкөнүн маалымдашкан. Аткезчилер жүргүнчүлөрдү белгиленген жерден чоң кемелерге салышмак. Ушундай аракет учурунда кайык оодарылып, чөгүп кеткен. 41 адам куткарылып, Грекияга жеткирилди. Арасында үч аял жана үч жашар наристе бар. Аман калгандардын көпчүлүгү Сомалинин, Эфиопиянын, Мисир жана Судандын жарандары. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG