Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:43

Бишкекте табигый кырсыктардан сактануу боюнча окуулар өтүүдө


Кара-Суу районунун Чайчы айылындагы жер титирөөдөн кийин. 18-ноябрь, 2015-жыл.

Кара-Суу районунун Чайчы айылындагы жер титирөөдөн кийин. 18-ноябрь, 2015-жыл.

Жарандык коргоо тармагынын өкүлдөрү чукул кырдаалдар түзүлгөн учурда кандай аракеттерди көрүү керектигин үйрөнүүдө. Эки күндүк иш-чара учурунда табийгат кырсыгы каптаган жерде кандай аракеттер жасалыш керектигине басым жасалды. Бүгүн кырсыктардын кесепеттерин жоюу, жабыркагандарга жардам берүү, куткаруунун жол-жоболору боюнча машыгуулар өтөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам аракеттенүү башкармалыгынын жетекчиси Урматбек Шамыркановдун билдиришинче, иш-чара жарандык коргоонун ар кандай кырдаалдарга даярдыгын текшерүүгө багытталган. Машыгууларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тартылды. Кыргызстан сейсмикалык активдүү аймактардын бири. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG