Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Кыргызстан-НАТО кызматташтыгы талкууланууда


Кыргызстанда бул күндөрү НАТО менен кызматташтык маселелери талкууланууда. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашкандай, 20-27-апрелде уюм өкүлү Кристофер Штаудт жетектеген делегация болууда.

Бул жолку сапардын максаты - аскерден бошотулган жарандарды кайра даярдоо, аларды социалдык жактан адаптацияланышына жардам берүү үчүн жаңы курстарды ачуу.

НАТОнун өкүлдөрү Кыргызстандагы иш-сапарынын биринчи күнүндө Борбор Азиядагы Америка университетинин базасындагы аскер кызматкерлери үчүн англис тил сабактарында болушту, И.Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университеттин базасындагы “Маалыматтык технологиялар” курсун бүтүрүү аземине катышышты жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын кызмат адамдары менен мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Түндүк Атлантикалык блоктун делегациясы ошондой эле Каракол, Ош, Нарын жана Токмок шаарларында болот.

“НАТО – Кыргызстан” программасы 2010-жылдан бери ишке ашырылып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG