Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Жалал-Абадда мейманканага айланган үйлөр текшерүүгө алынууда


Жалал-Абад, 21-апрель, 2016-жыл
Жалал-Абад, 21-апрель, 2016-жыл

Жалал-Абад облустук милициясынын "Мейман" операциясынын алкагында шаарда жайгашкан мейманкана тибиндеги батирлер жана жатаканалар текшерүүгө алынууда.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, максат - сырттан келген чоочун кишилерди каттоого алып, кылмыш ишке байланыштуу издөөдө жүргөн адамдарды кармоо.

Конок үйгө айланган батирге жакын жашагандар аларды жабуу талабын койгону менен милиция буга каршы тура албасын билдирди.

Кыргызстанда турак жай жана батирлерди мейманкана катары колдонууга тыюу сала турган мыйзам долбоору учурда демилгеленип жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG