Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Жалал-Абад: Медколлежде 350 миң сом уурдалганы аныкталды


Жалал-Абадда медициналык окуу жайда жемкорлук фактысы аныкталды. Облустук ИИБнын Бешинчи бөлүмү жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад медициналык коллежинин жооптуу кызматкерлери 2015-жыл ичинде студенттерден камкордук фондго деп чогулган акча каражатынан жасалма актынын негизинде 350 миң сом акчаны өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталды.

Факт боюнча КЖКнын ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, жасалма документ боюнча 171 жана 350-беренелери менен кылмыш иши козголуп тергөө жүрүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG