Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Мексикада мунай заводундагы жардыруудан үч адам мерт болду


Жардыруу Веракрус штатында болду.
Жардыруу Веракрус штатында болду.

Соңку маалыматтарга ылайык, Мексикадагы мунай өндүрүүчү заводдо болгон жардыруудан үч адам мерт кетип, жарадарлардын саны жүздөн ашты. Алардын басымдуу бөлүгү заводдун жумушчулары. Кырсык өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Веракрус штатындагы “Пемекс” мамлекеттик мунай компаниясына караштуу объектте болду.

Аймактагы жүздөгөн кишилер башка жакка көчүрүлүп, жакын жердеги мектептердин бардыгы жабылды.

Маалыматтарга ылайык, заводдо түтүктөрдүн өндүрүлүшүнө колдонулган винилхлорид заты чыгарылат. Күйгөндө бул химиялык зат адамдын ден-соолугуна зыян элементтерди бөлүп чыгарат.

“Пемекс” компаниясы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди. Азырынча жардыруунун себеби белгисиз.

XS
SM
MD
LG