Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Бишкекте "Жаш таланттар-2016" сынагы жыйынтыкталды


Бишкекте музыкалык мектеп окуучуларынын арасында дээрлик бир ай бою уланган "Жаш таланттар-2016" сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бүгүн мэриянын маданият башкармалыгы гала-концерт уюштуруп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырды.

Конкурска катышкан 7-18 жаштагы кыздар жана балдар эстрадалык вокал, эстрадалык-аспаптык аткаруу (соло) чеберчилиги боюнча таймашты.

Калыстар тобунда Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория менен Муратаалы Күрөңкеев атындагы Музыкалык окуу жайдын окутуучулары болду.

Жалпысынан сынакка 80ге жакын бала катышып, 38и мэриянын түрдүү сыйлыктарына ээ болду. (RK)

XS
SM
MD
LG