Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Бүгүн Британиянын ханышасы Елизавета II 90 жашка чыкты


Британиянын ханышасы Елизавета II.

Британиянын ханышасы Елизавета II.

Ал тактыга 1964-жылы отурган. Елизавета II мааракесин Виндзор сарайында үй-бүлө жана жакын досторунун арасында белгилээри маалым болду. Ханышанын туулган күнүнүн урматына 12-15 майда Виндзор сейилдөөчү багынын 25 миң адамды батырган чоң стадионунда миңдеген музыканттардын, ырчы-бийчилердин катышуусунда майрамдык иш-чаралар өтөт.

18-кылымдан бери келе жаткан салтка ылайык, британ хандыгынын өкүлдөрүнүн туулган күндөрүнө арналган расмий иш-чаралар июнь айынын экинчи же үчүнчү ишембисинде өтөт. Быйыл майрамдык салтанаттар үч күнгө уланып, 10-12 июнда белгиленмей болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG