Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

"Тазалык" эстеликтерди жууй баштады


Бишкекте эстеликтерди жууй башташты. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рысбек Сарпашевдин "Азаттыкка" айтымында, шаарда 33 эстелик бар.

- Учурда алардын 12син жууп бүттүк. Ошону менен катар тегерек-чети тазаланып, оңдолуп жатат.

"Тазалыктын" жетекчисинин белгилешинче, ишкананын жумушчулары быйылтан баштап жаңы ыкма менен иштөөдө. "Эгер мурда саат кечки 6га чейин иштеп, кетип калышчу. Ал эми азыр кечки 11лерге чейин жүрүшөт. Айлык маянасы да ошого жараша болууда" деди Сарпашев.

Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда «Тазалык» муниципалдык ишканасы бригадалык ыкма менен иштөөдө. Күн сайын көчө тазалоого 47 бригада чыгууда. Ар биринде 10-15тен жумушчу бар. (RK)

XS
SM
MD
LG