Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Путин менен Нетаньяху жолугушат


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Израилдин премьер-министри Биньямин. 2015-жыл, сентябрь.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Израилдин премьер-министри Биньямин. 2015-жыл, сентябрь.

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугат. Путин менен Нетаньяху Израиль-Палестин жана Сирия кризисин талкуулашат. Апта башында орус президенти Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен жолуккан.

Буга чейин Нетаньяху Москвага өткөн жылдын сентябрь айында келген. Анда тараптар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү тууралуу сөз козгошкон. Андагы сапардын алкагында эки өлкөнүн коргоо министрлеринин алгачкы жолугушуусу өтүп, Сириядагы орусиялык жана израилдик күчтөрдүн кагылышпоосун алдын алуу үчүн чаралар көрүлгөн.

2015-жылдын 30-ноябрында Путин менен Нетаньяху Парижде Климат боюнча саммиттин алкагында жолуккан. Путин эки өлкө ортосундагы алака достук, бири-бирин түшүнүү жана жалпы тарыхтын негизинде түзүлгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG