Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

АКШда орусиялык хакер соттолду


Александр Панин 2013-жылы Атлантада камалган.

Александр Панин 2013-жылы Атлантада камалган.

Орусиянын 27 жаштагы жараны Александр Панинди шаршембиде АКШ соту тогуз жылга эркинен ажыратты. Ага каржы уюмдардын жана жеке адамдардын эсебинен ири акчаларды шыпырып алган мыйзамсыз компьютердик программаларды ойлоп тапкан деген айып тагылган.

Маалым болгондой, Панин ойлоп тапкан SpyEye компьютердик вирусу дүйнө боюнча 50 миллион компьютерге таркатылган. Ал вирус банк эсептеринин номерлерин, паролдорун хакерлерге жиберип турган. Бул вирус 2010-2012 жылы болуп көрбөгөндөй жайылган. Панин өз программасын интернетте 500дөн 10 миң долларга чейин сатып келген. Тергөөнүн жыйынтыгында Панин жалпысынан өз программасын 150 кардарга сатканы маалым болгон.

2013-жылы Атлантанын аэропортунан колго түшкөн Панин тергөө менен кызматташууга барганы үчүн жазасы жеңилдетилди. Анын өнөктөшү, Алжирдин жараны Хамза Бенделаж 15 жылга эркинен ажыратылды.

ФБР кылмышкерлердин изине Атлантада хакерлердин чоң сервери табылган соң түшүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG