Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө талап күчөдү


Кыргызстанда Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө коюлуучу талап күчөдү. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Максат - сот курамына мурда булганбаган, жүрүм-туруму үлгүлүү адамдардын киришине мүмкүнчүлүк ачуу жана соттордун ишин камсыз кылуу үчүн тийиштүү материалдык-техникалык шарт түзүү.

Мисалы, мыйзамдын 9-беренесиндеги талаптарга дагы бирөө кошулду, ага ылайык Аксакалдар сотуна соттолбогон жарандар гана шайлана алат. Ал эми 29-берене жаңы редакцияда баяндалат: "Аксакалдар соту салган жазапул жергиликтүү бюджетке чегерилип, анын 70% ошол соттун ишин камсыз кылууга багытталат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG