Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Пакистанда жогорку даражалуу 11 аскер кызматкери иштен алынды


Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча 2015-жыл үчүн жарыялаган баяндамада Пакистан 117-орунду ээлеген.
Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча 2015-жыл үчүн жарыялаган баяндамада Пакистан 117-орунду ээлеген.

Пакистан армиясынын башкы генералы Рахил Шариф паракорлукка шектелген жогорку даражадагы 11 аскерий кызматкерди жумуштан алганы маалым болду. Алардын арасында бир генерал-лейтенант, бир генерал-майор жана үч полковник бар. Аскер кызматкерлери бир жылга созулган иликтөөнүн жыйынтыгында иштен бошотулганы айтылды.

Ошентсе да бул окуя боюнча расмий маалымат чыга элек.

Эки күн мурда Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф “эгер коррупция түп-тамыры менен жоголбосо, терроризмге каршы күрөш натыйжа бербестигин" билдирген.

Буга чейин эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча 2015-жыл үчүн жарыялаган баяндамада Пакистан 117-орунду ээлеген. 167 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Пакистан 30 упай менен жемкордуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алган.

XS
SM
MD
LG