Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Орусия кыргыз жаштарын имерүүдө


Абитуриент
Абитуриент

Кыргызстанда орто мектепти бүтүрүп жаткан жаштар Орусиядагы жүздөгөн университеттерге акысыз окуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Бул үчүн эмне талап кылынат?

2015-жылы Кыргызстанга Орусиянын жогорку окуу жайларынан 465 акысыз орун берилген.

Бексултан Уланбеков ​11-классты бүткөндөн кийин Кыргызстандан чыкпай эле Санкт-Петербургдагы аэрокосмос университетине, Красноярскидеги Сибирь федералдык университетине жана Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономикалык университетине өткөн. Орусиянын бул алдыңы үч окуу жайынын ичинен ал Урал мамлекеттик экономикалык университетин тандап алган. Учурда маалымат жана башкаруу факультетинин 2-курсунда окуйт.

- Орусиядагы жогорку окуу жайга өтүү үчүн биринчи кезекте орус тилин мыкты билүү керек. Башта бул өлкөгө окуйм деген оюмда жок болчу. 11-класста окуп жатканда бизге Орусиянын Бишкектеги билим берүү жана илим борборунан электрондук кат келген. Анда бизди сынактарга чакырышыптыр. Ал жакка барып, документтерди тапшырып, орус тилинен жана алгебрадан тесттерден өттүк. Бул жакка келгенимде кичине кыйналдым. Анткени булардын алгебрасынын деңгээли биздикинен кыйла жогору экен. Информатикадан да абдан чоң талап коюшат. Убакыттын өтүшү менен көнүп, азыр жакшы окуп калдым.

Бексултан айткандай, Орусиянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу Кыргызстанда апрель айынан тарта башталат. 2014-2015-окуу жылында Орусия кыргызстандыктар үчүн КМШ алкагында 15, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында 53 магистратуралык орун бөлгөн. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясында беш, Кыргыз-орус консорциуму аркылуу 98, Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын линиясы менен 14 бакалаврдык орун бөлүнгөн. Мындан тышкары Жамааттык коопсуздук уюмунун алкагында да 98 орун берилди.

Орусияда бакалаврдык жана магистрдик окуу мүмкүнчүлүктөрүнөн тышкары стажировкадан өтүү, адъюнктура, аспирантура боюнча да орундар бар. Тийиштүү документтерди Бишкектеги «Россотрудничество» аттуу уюм кабыл алат. Дареги Эркиндик бульварындагы 2-үйдүн 1-батири. Ошондой эле kgz.rs.gov.ru сайтына да кирип, кошумча маалымат алса болот. Тилекке каршы, бул уюмдун кызматкерлери «Азаттыкка» сүйлөп бере алышпады. Бирок Хабаровск университетинин өкүлү Андрей Стецюк мындай маалымат берди:

- Кыргызстан жана Орусия федерациясынын ортосундагы кызматташтык боюнча макулдашуунун негизинде кыргыз мектеп бүтүрүүчүлөрү Орусиянын жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундарга орусиялык абитуриенттердей эле тапшыра алат. Негизинен бюджеттик орундар бизде техникалык кесиптерге берилет. Маселен, биздин Ыраакы Чыгыштын жол жана байланыш университети студенттерди темир жол, курулуш, темир жол транспортун башкаруу, оңдоо багытындагы адистиктерге бекер кабыл алат. Менин билишимче, Кыргызстанда улуу Жибек Жолунун салтын улап ири масштабдагы темир жол курулганы турат. Анан бул багыттагы адистер аябай талап кылынат болуш керек. Техникалык адистиктер болгондон улам кабыл алуу сынактарын үч сабактан тапшырышат. Математика, физика жана орус тили. Мен көргөндөн Кыргызстандагы элдин дээрлик баары орус тилинде жакшы сүйлөйт. Ушундан улам студенттердин бизге көнүп кетүүсүндө такыр көйгөй жаралбайт.

Эми орус жогорку окуу жайларына талап кылынган документтерге токтолсок, биринчиден, түстүү 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт чапталган анкетаны толтуруу зарыл. Орто мектепти аяктаганы тууралуу күбөлүк, ВИЧ-СПИД дарты менен оорубаганын ырастаган расмий мекемеден маалымкат, ошондой эле Орусия Федерациясында окушуна жарамдуу саламаттыгы мыкты экенин белгилеген маалымдама. Чек араны кесип өтөрдө талап кылынган паспорттун көчүрмөсү, анын аяктоо мөөнөтү окуу башталган учурдан 18 ай жогору болуш керек. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, олимпиада, конкурстардан жеңсе дипломдорунун көчүрмөлөрү.

Эгерде көркөм өнөр тармагына тапшырып жатса, бул багытта билим алууга даяр экенин тастыктаган документтин көчүрмөсү да керек болот. Мектепти «жакшы» жана «мыкты» деген бааларга бүтүргөн, анан жалпы республикалык тестирлөөдөн алгачкы 50 орунга илинген абитуриенттерге артыкчылык берилет.

Бюджеттик орунга ээ болгон студентке Орусия мамлекети стипендия төлөп берет. Бирок бул өлкөдөгү медициналык камсыздандырууну студент өзү жасатат. Анын баасы орто эсеп менен жылына 250 доллардын тегерегинде. Ошондой эле интернеттеги www.russia.study веб сайтынан толук маалымат алып, ал тургай онлайн да тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG