Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Мексикада мунай өндүрүүчү заводдогу жардыруудан өлгөндөр 13кө жетти


Кырсык өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Веракрус штатындагы “Пемекс” мамлекеттик мунай компаниясына караштуу объектте болду.
Кырсык өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Веракрус штатындагы “Пемекс” мамлекеттик мунай компаниясына караштуу объектте болду.

Мексикадагы мунай өндүрүүчү заводдо болгон жардыруудан кеминде он үч адам мерт болуп, жарадарлардын саны 130дан ашты. Алардын басымдуу бөлүгү - заводдун жумушчулары. Кырсык өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Веракрус штатындагы “Пемекс” мамлекеттик мунай компаниясына караштуу объектте болду.

Веракрус штатынын бийлик өкүлү билдиргендей, 88 адам ооруканага жеткирилди, алардын 13ү өтө оор абалда.

Аймактагы жүздөгөн кишилер башка жакка көчүрүлүп, жакын жердеги мектептердин баары жабылды.

Маалыматтарга ылайык, заводдо түтүктөрдүн өндүрүшүндө колдонулган винилхлорид заты жасалат. Күйгөндө бул химиялык зат адамдын ден соолугуна зыян элементтерди бөлүп чыгарат.

“Пемекс” компаниясы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди. Азырынча жардыруунун себеби белгисиз.

XS
SM
MD
LG