Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Кара-Кулжада аарычылык боюнча алгачкы буфердик аймак ачылды


Кара-Кулжадагы аарычылык боюнча буфердик зонанын картасы
Кара-Кулжадагы аарычылык боюнча буфердик зонанын картасы

Кыргызстанда аарычылык боюнча жаңы долбоор ишке ашырыла баштады. “АгроЛид” коомдук бирикмесинен кабарлашкандай, Кара-Кулжада аарычылыкты өнүктүрүү, асыл тукум чарбасын түзүү максатында буфердик аймак ачылды. Сары-Бээ жана Ой-Тал капчыгайларында ачылган буфердик зона долбоору БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бал чарбасын жүргүзүп келаткан жергиликтүү тургун Эмил Сыдыковдун “Азаттыкка” айтымында:

- Буфердик зонанын өзгөчөлүгү - Кыргызстанда тукуму жоголуп бараткан аарылардын гени тазаланууда. Оорулардан арылууда. Карпат деген породадагы аарылардан башкаларга кирүү мүмкүнчүлүгү болбойт.

Долбоордун максаты - сапаттуу бал продукциясын өндүрүү жана анын ички, тышкы рынокко чыгуусун камсыз кылуу.

Адистердин айтымында, популяциянын начарлашы соңку кезде балдын сапатынын төмөндөшүнө алып келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG