Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

"Полит Клиника" гезити окурмандарга бизнестин сырларын ачып берүүдө


«Полит Клиника» коомдук-саясий гезити «Турмуш шартты жакшыртууга жана бай жашоого багыт берүү» деп аталган долбоор баштады.

Максат - Кыргызстандын ар бир облусунда жашаган турмуш шартын жакшырткысы келген же кирешесин көбөйтүп, бизнес кылам деген үй-бүлөлөргө багыт берүү.

“Ишкерликтин алиппеси” рубрикасында Кыргызстандын ар бир облусунан бирден үй-бүлө тандалып алынып, атайын түзүлгөн эксперттик топ алардын кирешесин, экономикалык абалын анализдеп, бизнес жолдорун айтып, багыт беришти.

Эксперттик топко өз күчү менен бутка турган ишкер Эмил Үмөталиев, Жакшылык Дүйшөналиев, белгилүү финансист Муратбек Мукашев, “Чапан” студиясынын жетекчиси Жумагүл Сариева, академик Жамин Акималиев жана башкалар кирди.

Ал эми “Ийгилик формуласы” рубрикасына конок болгон белгилүү инсандар бизнесин кантип баштаганын, кандай кыйынчылыктарды жеңип чыгып, ийгиликке жеткенин айтып беришти.

Жума сайын чыгуучу “Полит Клиника” гезити 2013-жылдын 28-мартынан бери жарык көрүп келе жатат.

Долбоор Кыргызстандагы АКШ элчилигинин жана Кыргызстандагы Фулбрайт ассоциациясынын жардамы менен ишке ашууда. (RK)

XS
SM
MD
LG