Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

"Бир дүйнө-Кыргызстан" Азимжан Аскаров боюнча президентке кайрылды


"Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылы абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

Кайрылууда Аскаров тез арада бошотулушу керектиги айтылат.

Уюумдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын "Азаттыкка" айтымында, өлкөдө сот реформасы ишке ашпай калганы жогорку жетекчилик деңгээлинде моюнга алынууда, андыктан Аскаровго карата чыгарылган өкүмдүн адилеттигинен да күмөн саноо бар:

- Биринчи мүнөттөн баштап Аскаровдун укугу бузулган. Жакында Жогорку Кеңештин комитет төрайымы Скрипкина бизде сот реформасы боло элек деди. Кыргызстан бийлиги Аскаровду тез арада бошотуп, ага моралдык жана материалдык компенсация жасаш керек.

"Бир дүйнө-Кыргызстан" уюмунун маалыматына караганда, учурда Аскаровдун ден соолугу начарлоодо.

"Биз Аскаровду абактан бошотуу үчүн ага жана үй-бүлөсүнө медициналык, психологиялык, юридикалык жардам көрсөтүүгө даярбыз" деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Кечээ, 21-апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров абактан бошотулуп, аны айыптаган өкүм жокко чыгарылышы керек деген бүтүмүн жарыялаган

Кыргызстанда ага 2010-жылы июнь окуясында улут аралык кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милициянын кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Учурда укук коргоочу Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG