Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Ереванда орус тышкы иштер министринин сапарына каршы нааразылык акциясы өттү


Сергей Лавровдун келишине каршылар. Ереван, 21-апрель, 2016-жыл.
Сергей Лавровдун келишине каршылар. Ереван, 21-апрель, 2016-жыл.

Армения борборунун Эркиндик аянтынан Орусиянын элчилигине чейин 21-апрелде жүрүш жасаган активисттер тобу Сергей Лавровду “армяндарга каршы” тынчтык планын сунуш кылууга келди деп, нааразылык билдирип чыгышты.

Демонстранттар Орусия Азербайжанга курал сатуусун токтотууну талап кылышты. Нааразылыкка чыккандар менен полиция ортосунда кагылыш да чыгып кетти.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тоолуу-Карабак чатагына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн 21-апрелде Ереванга келген.

Ал армян тышкы иштер министри Эдвард Налбандян менен сүйлөшүүлөрдү бүгүн өткөрөт.

Азери күчтөрү менен Тоолуу-Карабактын Армения колдогон жикчилери ортосунда эки тараптан 40тай адамдын өмүрү кыйылган соңку уруштардан кийин ок атышууну токтотуу 5-апрелде макулдашылган.

Бирок, андан бери да атышуулар токтолбой маал-маалы менен кайталанууда. Тоолуу-Карабактын бийликтеринин айтымында, кечээ азери күчтөрү алардын бир аскерин мерт кылды. (UE)

XS
SM
MD
LG