Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

АКШ Орусияны Крым татар межлиси боюнча чечимин өзгөртүүгө чакырды


Крым татар межлиси жайгашкан имарат. Симферополь.
Крым татар межлиси жайгашкан имарат. Симферополь.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби Вашингтондогу басма сөз жыйында билдиргендей, Крымдын азыркы бийликтеринин Крым татар межлисин “экстремисттик” уюм катары таанып, тыюу салуусу “оккупацияга каршы чыккандардын” укугун бузуу боюнча кезектеги аракети.

Биз Орусияны “Крымдын оккупациялоону токтотуп, бул аймакты Украинага кайтарып берүүгө кайрадан чакырабыз, оккупация улана берсе, санкциялар да күчүндө кала берет”, - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Орусиянын юстиция министрлиги Крым татарларынын коомдук уюму- межлис мамлекеттик маалымат каражаттарын колдонуусуна, жыйындарды өткөрүүсүнө, шайлоого катышуусуна, банк эсептерин ачуусуна 18-апрелде тыюу салган. Орус бийликтеринин чечимине ылайык, Крым-татар межлиси болгону салыктарын, карыздарын, айыппулдарын гана төлөөгө укуктуу.

Крым татарларынын межлиси жарым арал 2014-жылдын март айындагы референдум аркылуу Орусия тарабынан аннексияланышына каршы чыккан. (UE)

XS
SM
MD
LG