Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Чыныбай Турсунбеков КСДПдан төрагалыкка жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү


Парламенттеги социал-демократтар башкаруучу коалициянын жана фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековду Жогорку Кеңеш төрагалыгына жалгыз талапкер катары көрсөтүүдө. Мындай чечим бүгүн фракция жыйынында кабыл алынганын "Азаттыкка" депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

- Биздин атаандаш партиялар, "Республика Ата-Журт", "Ата-Мекен" Чыныбай Акуновичти колдогондон кийин биз дагы өз талапкерибизди жылдырууну чечтик. Чыныбай Акунович эгер талапкерлиги көрсөтүлсө ишенимди актарын айтты. Биз аны бир добуштан колдодук.

Буга чейин Турсунбековду колдоорун "Республика Ата-Журт" фракциясы да билдирип чыккан.

13-апрелде Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьерликке келгенине байланыштуу ЖК төрагасынын кызматын тапшырып бергенден бери бул орун бош турат.

20-апрелде көрсөтүлгөн "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресстин" башчысы Бакыт Төрөбаевдин алган добуштары тең чыгып калып, жаңы талапкер алып чыгуу чечими кабыл алынган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG