Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Түркиянын чыгышындагы жарылуудан үч аскер мерт болду


Түркиянын түштүк -чыгышында күрт согушкерлери менен түрк коопсуздук күчтөрү ортосунда кагылыштар уланууда. Диярбакыр шаарынын Сур району. 3-февраль, 2016-жыл тартылган сүрөт.
Түркиянын түштүк -чыгышында күрт согушкерлери менен түрк коопсуздук күчтөрү ортосунда кагылыштар уланууда. Диярбакыр шаарынын Сур району. 3-февраль, 2016-жыл тартылган сүрөт.

Мамлекеттик “Анадолу” агенттиги маалымдагандай, аскерлер түшкөн унаа өлкөнүн түштүк-чыгышында, негизинен күрттөр жашаган аймакта, эки шаарды бириктирген жолдо бомбага кабылган. Андан кеминде үч аскер мерт болду.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы кыянатчылыктар былтыр июлда өкмөт менен Күрт жумушчу партиясы – ПКК ортосундагы тынчтык жараян кыйрагандан кийин күчөгөн.

Андан бери кайра жанданган жаңжалдан жүздөгөн кишинин, анын ичинде Түркиянын күч түзүмдөрүнүн 350дөн ашуун өкүлүнүн өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG