Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Үрүмчү Бишкекке он автобус белек кылды


Үрүмчүдөн келген автобустарды мэр Албек Ибраимов өзү кабыл алды
Үрүмчүдөн келген автобустарды мэр Албек Ибраимов өзү кабыл алды

Кытайдын Үрүмчү шаары Бишкекке 10 автобус белекке тартуулады. Бүгүн жаңы автобустарды шаар башкармалыгына тапшыруу салтанатты өттү. Ага мэр Албек Ибраимов катышты.

KingLong автобустары 35 орунга эсептелген, айдоочулар кытайлык адистердин бир сыйра окуусунан өттү.

Үрүмчү менен Бишкектин ортосунда достук жана кызматташтык тууралуу макулдашуу 1992-жылы кабыл алынган.

Жаңы автобустар №42 маршрутка берилди. Жүргүнчүлөрдү ташууга алар 29-апрелде, Бишкек шаарынын негизделген күнүндө чыгат.

Бишкекте коомдук унаа көйгөйү күч. Муниципалдык транспорт өтө сейрек каттайт. Автобустардын техникалык абалы начар.

Негизинен жүргүнчүлөрдү жеке кичи автобустар тейлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG