Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

"Кыргызстан", "Өнүгүү" жана "Бир Бол" төрага маселесин талкуулай элек


Жогорку Кеңештеги үч фракция: "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Бир Бол" азырынча төрага маселесин талкуулай элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фракциялардан кабарлашты.

13-апрелде Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьерликке келгенине байланыштуу ЖК төрагасынын кызматын тапшырып бергенден бери бул орун бош турат.

20-апрелде көрсөтүлгөн "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресстин" башчысы Бакыт Төрөбаевдин алган добуштары тең чыгып калып, жаңы талапкер алып чыгуу чечими кабыл алынган.

Бүгүнкү күнгө карата КСДП фракциясы лидери Чыныбай Турсунбековду төрагалыкка жалгыз талапкер кылып көрсөткөнү, бул чечимди "Республика Ата-Журт" жана "Ата-Мекен" фракциялары колдору белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG