Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Акылбек Султанов Статистика комитетине жетекчи болуп дайындалды


Акылбек Султанов Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кызматына дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Султанов Жогорку Кеңештин буга чейинки жана азыркы, алтынчы чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон.

Ал тууралуу интернетке МАИ кызматкери менен көчөдө араздаша кетип уят сөз сүйлөгөнү жана 5-чакырылыштагы парламентте добуш берүү маалында депутат Равшан Жээнбеков менен кыйкырышып, мушташа жаздаганы тууралуу видеолор тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG