Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Баш прокурордун иниси маңзат менен кармалганы тууралуу маалыматты четке кагууда


Баш прокурор Индира Жолдубаеванын иниси Эрмек Жолдубаев бүгүн ал тууралуу соңку күндөрү тарап жаткан маалыматка байланыштуу билдирүү таратты. Ал 9-апрелде кыргыз-казак чек арасынан маңзат менен кармалганы тууралуу кабар чындыкка дал келбесин айтууда.

"Бүт апрель айы мен Бишкекте болдум. Буга документалдык далил бар. Мени жаманатты кылуу аркылуу эжеме басым жасагылары келип жатат. Мен чоң адаммын жана азыркы абсурддук кырдаалдын кесепети менен жоопкерчилигин толугу бойдон аңдап турам. Мен үчүн эжем же башка бирөө жооп бербеши керек. Бирок бул кырдаал эжемдин кызматына байланып чагылдырылып жатканы мени капалантууда" деп айтылат Эрмек Жолдубаевдин билдирүүсүндө.

Учурда интернетте 9-апрелде "Кордайда" 29 жаштагы Э.Жолдубаев 2,03 грамм маңзат менен кармалганы тууралуу маалымат тарап жатат. Айрым булактар казак Бажы кызматына шилтеме жасап, Жолдубаев чек арада кармалганы тууралуу протокол деген кагаздын көчүрмөсүн жайгаштырууда.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы азырынча бул окуя боюнча расмий комментарий бере элек.

Жолдубаевдин айтымында, ал Кыргыз улуттук университетинде сабак берет. (RK)

XS
SM
MD
LG