Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Багдадда жардыруу курмандыктарынын саны көбөйдү


Ирак борборунан түшкөн кабарларга караганда, жанкечти шииттердин мечитинде жума намаздан соң жасаган жардыруудан өлгөндөрдүн саны кеминде сегизге жетти, дагы отуздан ашуун киши жаракат алды.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кандуу окуя борбордун түштүк-батыш бөлүгүндө болду. Полициядагы булактардын айтымында, ал-Радуания деген райондогу мечитте экинчи жанкечтини коопсуздук күчтөрү ал бомбасын жардырганга чейин жок кылууга жетишкен.

Жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобуна байланышы бар уюм жоопкерчилик алганын жергиликтүү Amaq агенттиги кабарлады. (UE)

XS
SM
MD
LG