Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Акыйкатчы: БУУнун билдирүүсү - Аскаровдун өкүмүн кайра кароого негиздеме


Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровго байланыштуу билдирүүсү ага карата чыгарылган сот өкүмүн кайра кароого негиздеме болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын мүчөсү. Бул документтинн аткарылышын БУУнун Адам укуктары боюнча комитети көзөмөлдөйт.

"Кыргызстандын Конституциясынын 6-беренесинде өлкө мүчө болгон эл аралык келишимдер мамлекеттин укуктук системасынын бир бөлүгү экени жазылган. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ. Ошону менен катар 41-беренеде “ар бир жаран бузулган укугун коргоо үчүн эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу, эгер ал органдар мыйзам бузууларды аныктаса Кыргызстан келтирилген зыянды оңдоо чараларын көрөт" деп жазылган" дейт акыйкатчы.

- Кайра кароого мүмкүн деп эсептейбиз. Бирок мен айтып коюшум керек, БУУ комитетинин билдирүүсү Аскаров күнөөлүү эмес дегенди түшүндүрбөйт. Болгону анын ишин кароо учурунда процессуалдык нормалар бузулган болушу ыктымал деп жатышат. Кыргызстанда сот чечимин эч ким комментарийлөөгө укугу жок. Дагы бир маселе, БУУ комитеттеринин чечимдерин ишке ашыруу боюнча механизмдер бизде аликүнчө иштелип чыга элек.

Кечээ, 21-апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров абактан бошотулуп, аны айыптаган өкүм жокко чыгарылышы керек деген бүтүмүн жарыялаган

Кыргызстанда ага 2010-жылы июнь окуясында улут аралык кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милициянын кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Учурда укук коргоочу Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG