Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан 13 адам жабыркап, бирөө набыт болду


23-апрелде Ноокен районунун Бүргөндү аймагындагы жолдо жеңил автоунаа менен кичи автобус кагылышып, жеңил автомобилдин ээси, 29 жаштагы Үсөнбай Ражапов набыт болгон. Ал эми анын жанындагы 27 жаштагы Курмангазы Арзыматов оор жаракат алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кичи автобустун ичиндеги 11 жүргүнчүнү чыгарууга жардам берген. Кичи автобустагы төрт жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Калгандарына ошол жерден медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Микроавтобусту 47 жаштагы Закир Имаров айдап бара жаткан.

Ошол эле күнү Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында «Ниссан Скайлайн» автоунаасы эки кишиси менен жолдон чыгып, аңга түшүп кеткен. Унаада 24 жана 23 жаштагы эки адам болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, экөө тең аман-эсен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG