Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Ош шаардык кеңеши 25-апрелде ишин баштайт


Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин маалымат катчысы Равшан Эргешов билдирди. Анын айтымында эртең, Ош шаардык Кеңешинин акыркы чакырылышына шайланып келген 45 депутатка мандаттар тапшырылат. Андан соң коалиция куроо жана төрага шайлоо маселелери каралат.

Ош шаардык кеңешине шайлоо 27-мартта өткөн. Шайлоого ат салышкан 13 партиянын алтоо жеңишке жетишкен. Алардын ичинен КСДП –16, «Кыргызстан» – 9, «Мекеним Кыргызстан» – 6, «Республика – Ата-Журт» – 5, «Бир Бол» – 5, «Өнүгүү-Прогресс» – 4 мандат алган. Шаардык кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзүү үчүн 23 мандат талап кылынат. (YI)

XS
SM
MD
LG