Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бизнес-долбоорлор үчүн 69,2 млн доллар берди


Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бизнес-долбоорлор үчүн 69,2 млн доллар берди. Бул фонддун өткөн жылдын сентябрь айынан ушул жылдын апрель айына чейинки иштеген убагында берген каражаты, бул аралыкта 167 бизнес-долбоорго акча бөлгөн. Насыялар “Айыл банк” жана “РСК банк” аркылуу каржыланууда. Өнүктүрүү фондунун маалыматы боюнча, апрель айына карата ишкерликти жана айыл чарбасын насыялоо өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жатат.

Мындан тышкары март айынан тарта ишкерлик үчүн насыя берүүнүн шарттары жөнөкөйлөштүрүлгөн. Ага ылайык, фонд тарабынан каралуучу бизнес долбоорлордун суммасы мурункудай үч млн эмес, 1,5 млн долларга чейин төмөндөдү. Мындан тышкары насыяны үстөк пайызы менен кошо төлөөнүн мөөнөтү ири долбоорлор үчүн 15 жыл, кайра иштетүү өнөр жай долбоорлор үчүн 10 жыл, калгандарына 7 жылга чейин узартылды. Ошондой эле долбоордун ээси тарабынан тең орток каржылоонун суммасы да 20 пайыздан 15 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кызматташуучу банктардын санын да көбөйтүүнү көздөөдө. Фонддун маалыматы боюнча мындай банктардын саны онго жетиши ыктымал.

Орусия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсүн жеңилдетүү максатында түзүлгөн. Аталган фонддун дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылып, бир жылдан ашуун ишмердүүлүк убагында берилген каражаттардын аздыгы, кызматкерлерине арбын айлык акы коюлганы сынга алынган эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG