Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Атырауда жер сатууга каршы митинг өттү


Казакстандын Атырау шаарынын борборундагы митинг.
Казакстандын Атырау шаарынын борборундагы митинг.

Казакстандын Атырау шаарынын борборундагы Исатай мен Махамбет аянтына чогулган жүздөгөн адамдар «жерди чет элдиктерге ижарага берүүгө жана сатууга» каршы экендиктерин билдиришти. Чогулгандарга аянтка келген калаа акими Нурлан Ожаев менен облус акиминин орун басары Салимжан Накпаевге өз талаптарын айтты. Аким Ожаев «уруксат берилбеген митинг өткөрүү мыйзамсыз» болоорун айтканы менен, эл тарап кетүүдөн баш тартты.

Казакстандын Жер кодексине былтыр күздө киргизилген өзгөртүүгө ылайык, быйыл июль айынан тарта айыл чарба жерлери казак жарандарына аукцион аркылуу жеке менчикке сатыла баштамак, ал эми чет элдик жарандарга 25 жылга ижарага алууга уруксат берилмек. Бул Казакстанда кызуу талкууларды жаратты.

"Атсын, бирок жерди саттырбайбыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

XS
SM
MD
LG