Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:36

Социалдык фондго төлөмдөрдү терминалдар аркылуу төлөөгө болот


Каалоочулар Социалдык фондго төлөмдөрдү соода борборлорундагы, көчөлөрдөгү акча которуучу терминалдар аркылуу төлөй алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башкы адиси Жеңиш Мукамбетов “Азаттыкка” билдирди:

- Төлөмдөрдү төлөөдө адам факторун азайтуу максатында терминалдар аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Мындан сырткары биз төлөмдөрдү чогултууну Мамлекеттик салык кызматы менен чогуу жүргүзөлү деп чечтик. Азырынча Бишкектеги бир райондо муну пилоттук негизде баштадык, бул райондо салыкчылар социалдык төлөмдөрдү чогулта башташты.

Муканбетовдун айтуусунда социалдык фонддун өзүндө төлөм жыйноого милдеттендирилген кызматкерлердин саны жетишсиз.

Социалдык фондго төлөмдөр орто эсеп менен айлык акынын 15% түзөт. Жер иштеткендер, патент менен иштегендер жана ишкерлердин социалдык фондго камсыздандыруу төлөмү ар кандай өлчөмдө эсептелет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG