Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Казакстанда жер сатууга каршы митингге жүздөгөн адамдар катышты


Kazakhstan – the protest rally against the sale of land to foreigners. Atyrau, 24apr2016

Kazakhstan – the protest rally against the sale of land to foreigners. Atyrau, 24apr2016

Казакстандын Атырау шаарында жүздөгөн адамдар жерди аукцион аркылуу сатууга каршы чыкты. Митингдин катышуучуларынын бири, улгайган эне жер сатылбашы керек деген ураан чакырды:

- Жерди сатабыз деп жатат. Сатса анда бүттү. Депутаттардан кайыр жок. Алар жогору жактагылар жат десе жатат, тур десе турат. Биз ушинтип жыйналып, бир муштум болушубуз керек. Жерди саттырбайбыз. Атам десе атсын мына!

Шаардын борбордук аянтында 24-апрелде болгон митингге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, Жер кодексине өзгөртүү киргизүү коомдун кызыкчылыгына коркунуч келтирбесин, митинг мыйзамсыз экенин эскертишти.

Акцияга көп сандаган полиция жана атайын кызматтардын өкүлдөрү көз салып турганы кабарланды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG