Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Казакстанда жер сатууга каршылар чыкты


Атырау шаарында митингге катышкан жүздөгөн адамдар, 24-апрель, 2016
Атырау шаарында митингге катышкан жүздөгөн адамдар, 24-апрель, 2016

24-апрелде Атырау шаарында митингге катышкан жүздөгөн адамдар жер сатууга каршылык билдирди. Бийлик “Жер кодексине” өзгөртүү киргизүү аркылуу жерди чет өлкөлүктөргө сатууну көздөйт деп айыпташты.

Казакстандын Атырау шаарынын Исатай-Махамбет атындагы борбордук аянтына жекшемби күнү миңдин тегерегинде адам чогулуп, өкмөттүн жер сатуу боюнча чечимине каршылыгын билдиришти.

Бийлик “Жер кодексине” өзгөртүү киргизүү аркылуу жерди чет өлкөлүктөргө сатууну көздөшүүдө деп айыпташты.

Шаар жана облус бийлигинин жетекчилери аянтта чогулган элдин алдына чыгып, “Жер кодексине” өзгөртүү киргизүү коомчулуктун кызыкчылыгына каршы келбесин түшүндүрүүгө аракет жасашты. Бийлик өкүлдөрү ошондой эле митингге уруксат берилбегендигин жана акцияга чогулгандар тарап кетүүсү керектигин эскертишти.

Ал эми митингдин уюштуруучулары шаар бийлигине уруксат сурап кайрылышканын, бирок ал кароосуз калганын айтышат. Митингчилер бийликтин тарагыла дегенине карабай аянтта бир нече саат турушуп, өз талаптарын коюшту.

Жашы улгайып калган аял жерди сатууга жол бербөө талабын койду:

- Жерди сатабыз деп жатат. Сатса анда бүттү. Депутаттардан кайыр жок. Алар жат десе жатат, отур десе отурат. Биз ушинтип жыйналып, бир муштум болушубуз керек. Жерди саттырбайбыз. Атам десе атсын мына!

Дагы бир жаран:

- Атырау жаштары келгениңиздерге рахмат. Алланын атынан ыраазылык билдиребиз. Мына эстелиги турган Исатай-Махамбет атабыздын арбагы ыраазы болсун. Бул аталарыбыз мына ушул жер үчүн, келечек үчүн, боштондук үчүн башынан айрылган. Алар байлык-дүнүйө деп жүргөн эмес. Алар жер деп жүрүшкөн.

Атырауда жер сатууга каршы митинг болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

Митингге көптөгөн полиция кызматкерлери жана атайын кызматтардын өкүлдөрү көз салып турду. Алар чогулгандарга каршы күч колдонушкан жок.

Атырау облусунун акими Нурлан Ногоев митингчилердин арыз-доосун өкмөткө жана парламентке, Астанага жеткирерин билдирди.

Казакстанда “Жер кодексине”киргизилген өзгөртүүлөр июль айынан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык жерди аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга, чет өлкөлүктөргө 25 жылга чейин ижарага берүүгө уруксат берилет. Мындай өзгөрүүлөр казак коомунда кызуу талкуу жаратууда.

Коңшу өлкөдө Нурсултан Назарбаев отуз жылга жакын убактан бери бийлик башында турат. Бийликке каршы чыккандарга кескин чаралар чектелет. Мындан бир нече жыл мурун Жаңы-Өзөн шаарында нааразылык акциясына чыккандарга каршы курал колдонулганы маалым.

Мунайга баанын арзандашы Казакстанда улуттук валюта - теңгенин курсун төмөндөтүп, экономикалык кыйынчылыктарды жаратты.

Казак бийлиги болсо экономикалык кризис учурунда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрдү.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG