Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

ӨКМ: Сузакта Алмалуу суусун жер көчкү тосуп калуусу ыктымал болууда


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 24-апрелге караган түнү Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат участогунда болжол менен көлөмү 1 млн куб метр жер көчкү жүргөн. 1 сарай бузулуп, 2 чабандын үйүнө кооптуу абал түзүлгөн. Жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, учурда ал жерде жер көчкүнүн жылуусу активдүү болуп, Алмалуу суусуна жетип, суунун нугун бир азга тосуп калган.

- Алмалуу суусу 1 секундасына 10 литр агат, жер көчкү мындан ары дагы жылса, ал толук тосулуп калуу коркунучу бар. Эгер тосулса, 8 чакырым төмөн жакта жайгашкан 73 кожолугу бар Алмалуу-Булак айылына коркунуч жаратат.

24-апрелде КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы, өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин башкы адиси жана Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы жеринде изилдешип, жер көчкүнүн кооптуулугу боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жер көчкүнү айыл аймактын жетекчиси жана жайыт комитети көзөмөлгө алуусу сунушталды.

Көчкү жүргөн жерде 15-16-апрелде КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери изилдөө жүргүзүлүп, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жана айыл аймактын башчысына кооптуулук тууралуу корутунду берип, аталган аймакка жарандарды жана мал-жандыкты чыгарбоо тууралуу эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG