Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Обама Сирияга 250 аскер жөнөтөт


АКШ президенти Барак Обама Сирияга 250 адамдан турган аскердик топ жиберүүнү көздөп жатат. Алар өкмөттүк күчтөргө өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топко каршы туруусуна көмөктөшмөкчү.

Бул тууралуу Обама бүгүн Германияда сүйлөгөн сөзүндө жарыяламакчы.

Террорчуларга каршы күрөш АКШ президентинин соңку күндөрү Сауд Арабиясы, Улуу Британия жана Германиянын саясий лидерлери менен жолугушууларында негизги тема болду.

Учурда Сирияда АКШнын атайын аскердик бөлүктөрүнүн 50 кызматкери иштөөдө. Дагы 250 жоокер жөнөтүү планы тууралуу Wall Street Journal жазып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG