Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Жарандык уюмдар Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылууда


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

"Прецедент", "Кылым шамы", "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы", “Балдардын укугун коргоо лигасы”, “Ачык көз караш”, "Психикалык саламаттык жана коом" бейөкмөт уюмдары биргелешкен билдирүү таратып, АКШнын мамлекеттик департаментине орой жооп кайтарганы үчүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетүүгө тийиш деген талап коюшту. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” билдиришинче, жарандык уюмдар министрликтин билдирүүсүн дипломатиялык эрежелерге шайкеш келбейт деп баалоодо:

- Маселен, жакында эле Светлана Кулбаева аттуу кыргыз жараны Кытайда өлүм жазага тартылып, сөөгү келди. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жыйындарында ушул өңдүү көйгөйлөрдү айтып, элдин укугун коргосо болмок. Өлкөдө кыйноолор кеңири тараган. Ага карабай кайра АКШга өзүңөрдүн Гуантанамоңорду билип алгыла деп орой жооп кайтарып отурат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу иликтөөсүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын абалы начарлап баратат деп сындаган эле.

Тышкы иштер министрлиги 16-апрелде буга жооп кайтарып, Кыргызстанда адам укугу жаатындагы көйгөйлөр аз эместигин, бирок алар ачык айтылып, жарандык коом менен биргеликте чечилип жатканын айткан. “Мыйзамсыз камоолор”, “саясий куугунтук” деген жыйынтыктарды адилетсиз жана негизсиз деп сыпаттап, керек болсо АКШнын өзүндө да адам укугу бузулуп жаткан учурлар жок эместигин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG