Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Көчмөндөр мурасы боюнча дил баяндар сынагы жарыяланды


Көчмөндөр оюну.
Көчмөндөр оюну.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулар арасында көчмөн элдеринин маданий мурастары боюнча республикалык дил баяндар сынагын жарыялады. Сынак Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 25-апрелден 15-июнга чейин уланып, жыйынтыгы чыгарылат.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат. Ага 6-10-класттардын окуучулары катыша алат. Муну менен окуучуларды көчмөндөрдүн маданияты, каада-салты, нарк-насили менен тааныштырып, аларга Кыргызстандын тарыхый жана маданий баалуулуктары тууралуу кеңири маалымат берүү максат кылынууда.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG