Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Нарын: стратегиялык аймактарды кайтаруу иши сынга алынды


Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов аймактагы энергетика тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, Нарын облусундагы өзгөчө маанилүү стратегиялык жайларды кайтаруу иши талаптагыдай эмес. Өзгөчө Ат-Башы ГЭСи, Нарын шаарынын калкын таза суу менен камсыздаган «Ак-Бечел» ишканасында күзөт тиешелүү деңгээлде болбой жатат. Бул жерлерде иштеген кароолчулар жумуш убактысында тааныштарын киргизип, чакан кече уюштурган учурлар аныкталган. Облус жетекчи мындай аймакка чоочун адамдарды киргизген жумушчуга суу канал башкармалыгы сөгүш берүү менен гана чектелгенин сынга алды.

Нарын облусунда стратегиялык жай деп эсептелген 160 объект бар. Анын 124үндө түрдүү жагдайларда коргонуу боюнча чаралар иштелип чыккан.(MiK)

XS
SM
MD
LG