Балыкчы шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары бүгүн алгачкы сессияга чогулду. Анын жүрүшүндө төрагалыкка сунушталган “Кыргызстан” партиясынын өкүлү Канатбек Сартбаевдин талапкерлигин шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп беришти. Алгачкы отурумга 31 депутат толук катышты. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 27-мартта өткөн. Ага 14 партия катышып, жыйынтыгында «Замандаш», «Кыргызстан», «Республика - Ата Журт», КСДП, “Өнүгүү Прогресс” партиялары утуп чыккан. (AsM)