Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:35

АКШ менен Беларус өз элчилерин кайтарууга даяр


АКШ жана Беларус өз элчилерин кайтарууну талкуулоого даяр. Бул тууралуу АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Скотт Рауланд жана Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей дүйшөмбүдө билдиришти.

"Эки тарап тең мамилелерди толугу менен оңдоого даяр", - деди Минсктеги журналисттерге министр Макей.

Макейдин айтымында, АКШ жана Беларус бири бирине кас өлкө катары карабастан, сүйлөшүп, ачык диалог жүргүзүүгө тийиш. Рауланд элчилерди кайтаруу маселеси ушул жылы талкууланат деп ишенээрин белгиледи.

Беларус Вашингтондогу элчисин 2008-жылы чакыртып алып, АКШ элчисин Минсктен чыгып кетүүсүн талап кылган. Анын алдында Минск менен Батыштын мамилеси курчуп турган кезде АКШ “Белнефтьхим” мунай компаниясына каршы санкция киргизген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG