Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Орусияда экстремизмге айыпталган жаран 5 жылга кесилди


Орусиянын Перьм шаарынын соту экстремизм үчүн айыпталган жергиликтүү тургунду беш жылга абакка кести. Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 25-апрелде билдиргендей, Гайратжон Тажибаев аттуу жаран адамдарды Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал тобунун катарына жалдагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. ФСБ Тажибаев бир катар жергиликтүү мусулмандарды Орусияда тыюу салынган “Женбхат ал Нусра” деген экстремисттик уюмга кошулууга көндүргөн деп белгиледи. Атайын кызматтар Тажибаевдин өткөн жылы алардын Сирияга сапарын уюштурууга аракеттенгенин да аныкташкан. Бирок ага бөгөт коюлуп, Тажибаев өткөн июнда камакка алынган. Расмий маалыматтарга караганда, Орусиянын жана мурдагы советтик жумурияттардан "Ислам мамлекети" радикал тобуна кошулууга Сирия менен Иракка беш миңдей киши аттанган.

XS
SM
MD
LG