Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:24

Башкы прокуратура майыптар укугунун корголушуна көзөмөлдү күчөтүүдө


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өлкөдөгү майып жарандардын укугунун корголушуна көзөмөлдү күчөтүүдө. Кечээ мекеме кызматкерлери мамлекеттик органдар, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, бул багытта аткарылып жаткан иштерди талкуулады.

Былтыр башкы көзөмөл органында майып, пенсионер жана аз камсыз болгон жарандардын укугу бузулган учурлар боюнча иштерди териштирүү максатында атайын бөлүм ачылган.

Бөлүмдүн башчысы Тилек Салибаевдин маалыматына караганда, былтыр майыптыгын далилдей албай жүргөн он чакты жарандан арыз түшүп, алардын ар бири боюнча териштирүү жүргүзүлгөн жана натыйжада мамлекеттен тиешелүү суммада жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Жолугушууда майыптардын көптөгөн мекемелерге эч тоскоолдуксуз кайрылып, жардам алуу укугу корголбой жатканы, алардын окуп, билим алуусу жана балдар боюнча абал талкууланды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда расмий каттоого алынган майып жарандардын саны 168 миң адам. Алардын 18 миңи Бишкекте жашайт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG