Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Нарымбаев менен Коркмазовдун соту 13-майга жылды


Нарымбаев менен Коркмазов сот залында.
Нарымбаев менен Коркмазов сот залында.

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча териштирүүлөрдү 13-майда улантуу чечимин кабыл алды. Буга ишти караган судья Жаңыл Мамбеталы үй-бүлөлүк шартына байланыштуу бүгүнкү сот жараянына келбей калганы жүйө келтирилди.

Нарымбаев жана Коркмазов Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан мүлккө байланыштуу соттун чечимин өзгөртүү үчүн пара алган деп былтыр июлда кармалган.

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан. (NT)

XS
SM
MD
LG