Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Текебаев: саясий жана экономикалык кесепетке социал-демократтар жооп берет


“Ата Мекен” фракциясы премьер менен спикердин социал-демократтардан көрсөтүлүшүнө каршы эмес. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал президент Алмазбек Атамбаев бийликтин партиясына талапкер тандоо милдетин тапшыргандыктан, өзү жетектеген фракция спикерликке эч кимди сунуштабаганын кошумчалады. Кыргызстандагы саясий жана экономикалык саясаттын кесепеттери үчүн социал-демократтар жооп берүүгө тийиш болгондуктан, Жогорку Кеңеш төрагалыгына талапкер Чыныбай Турсунбековду колдогонун белгиледи.

Бул талапкерди КСДП, «Ата Мекен», «Республика – Ата-Журт» фракциялары жактырган. Буга чейинки эки талапкер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев парламенттеги жыйында 51 добуштан алгандыктан, Турсунбеков көрсөтүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG