Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Бүгүн Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка туура 30 жыл толду. Бишкектеги Фучик паркында шаар башчысы, республикалык “Чернобыль союзу” коомдук уюмунун өкүлдөрү, апаатты жоюуга катышкандар менен биргеликте кырсыктын курмандыктары эскерилди. Эскерүү митингдери Орусия, Украина, АКШ, Беларуста да өтүүдө.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыль атомдук станциясында жарылуу болуп, төртүнчү энергоблок иштен чыккан. Дүйнөдөгү атом энергетикасынын тарыхындагы эң ири кырсык катары бааланган окуянын кесепетин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Бугүнкү күнү алардын бир жарым миңге чукулу калды. Чернобль ардагерлерине мамлекет тарабынан айына 7000 сомдон жөлөк пул төлөнөт. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG